Дүйнө

Вирус жуктурган башкы врач жумушка чыгып иштеп жүрө берген

Бул эркек киши марттын ортосунда Түркияга барып келген. Андан соң сыркоонун, сасык тумоонун, же суук тийгендин белгилери эч кандай байкалбагандыктан  кызматына жайма-жай чыгып иштеп жүргөн.

Россиянын Перминин онкодиспансеринин башкы врачы Максим Мезенцев коронавируска шектелип инфекциялык оорукананын  боксуна  жаткырылды. Ага чейин ал чет өлкөгө барып келген экен, деп жазган  МК, 25-мартта.

Башкы врач Россияга кайтып келген учурда Түркия тумоо боюнча опурталдуу деп эсептелген мамлекеттердин  тизмесинде жок болчу.

Медик Түркиядан кайтып келгенден кийин,  ОРВИнин белгилери пайда болгонго чейин ишине барып иштеп жүрө берген деп белгилейт  59.ru порталы.  

«Аны менен өтө тыгыз катнашта болгондордун баары такталды. Алар врачтардын көзөмөлүнө алынды», — деп кошумчалашты мекемеде. Клиниканын 30 кызматкери карантинге жабылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button