Саясат

Коронавирус менен күрөш эсебине 35 миллион сом топтолду. Кимдер которду (тизме)

Бугүнкү күндүн эсебине караганда коронавирус менен күрөшүү боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан иш-чараларды колдоо иретинде ачылган эсепке 35 миллион 293 миң 891 сом которулду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Эскерте кетсек, атайын эсепке ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, ЖК депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, «Дордой» — 1 миллион сом, ишкер Нурлан Ибраев — 1миллион сом, Самсаалы Четимбаев — 10 миң сом, «Неман фарм» — 900 миң сом, «Лекарь» — 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши — 21 миң 258 сом, президент Сооронбай Жээнбеков — 53 миң сом, муфтият 700 миң сом, «Нурзаман» курулуш компаниясы — 1 миллион сом, Конституциялык палатанын судьялары — 28 миң 700 сом которушту.

Андан тышкары Кыргызстандагы ишкерлер, бизнесмендер, уюмдар азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кечек жана башка күнүмдүк керектелчү товарлар менен да элге жардам берип жатышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button