Коронавирустан байыган атактуулар

Бүт дүйнөнү коронавирустун пандемиясы каптап, адамзат алапайын таппай жандалбастап турганда, тескерисинче анын пайдасын көрүп, элдин башына түшкөн мүшкүлдөн пайдаланып, капчыгын кампайтып, байып атышкандар да жетиштүү.
Алардын арасында Евразия мейкиндиги эле эмес, атагы дүйнөгө чейин тараган Россиянын үч шоу жылдызы бар.
Мисалы Mixit дүкөнү 20 мл. антисептикти 400 рублдан сата баштаган, а OZONдо 50 маскадан турган комплекти 2,5 миң рублга сатып аласың (мурда мындай комплекти 500 рублга, же андан да арзанга алчусуң).
Эми маскалар менен антисептиктерди сатууга атактуулар жулунуп кирип келишти. Айрымдары жөнөкөй эле аптекадагы масканын ар бирин миң рублдан сата башташса, кээ бирлери өндүрүш ачып ийишти.
Тина Канделаки
Бир нече жыл мурда Канделаки AnsaLigy деген марка менен өз косметикасын чыгара баштаган. Жакында эле анын компаниясынын сайтында 980 рублдук 5 маскадан турган комплект пайда болду.

Ксения Собчак бул туурасында телеграм-каналында жини келип жаны күйгөн пост жазды: «Эсиме салып койгулачы, кризис учурунда элдин паникасы менен мүшкүлүнүн эсебинен байып атышкан адамдарды кантип атса болот? Жакында эле Маргарита Симоновна аларга катуу кыжырданганын билдирди эле… Мен эми ага кеңеш берээр элем, Тина Канделакинин косметика сайтына кирип көрүп, анан аптекада бирөө 10 рубль турган 5 масканы миң рублга сатып атканын окуп эси ооп [офигеть] калсын деп. Супербизнес,чо. Куттуктайм!».
Анастасия Решетова
Тиматинин аялы өзүнүн Inhype Beauty Zone сулуулук салонунда дүкөндөрдө жүз рублдан да төмөн турган кадимки эле жөпжөнөкөй колго сепчү антисептикти 500 рублдан сата баштады. Албетте, адамдар ага кыжырдаган комментарийлерди жазып атышты, коронавирустун эсебинен байыгың келип атат деп. Решетованын өз сөзү боюнча, онлайн-дүкөндөрдө антисептиктер азыр 400 рублдан сатылып атат, ошондуктан ал өз салонунда алардан кымбат сатканга аксы бар, бирок ал анткен жок да:

«Силер айткандай мен муктаж болуп аткандарга бул бөтөкөлөрдү таратып беришим керек экен да. Кылымдардан берки келаткан биздин менталитеттин проблемасы ушул: “А-а, сенде көппү? Анда башкаларга алып барып таратып бер!” деген. Муктаж болгондорго жардам бербей атканымды кайдан билесиңер? Эгерде кары адамдарды антисептиктер өлүмдөн сактап калаарын билсем, мен аларга толтура таратып бермекмин. Бирок андай эмес да».
Кети Топурия
Өзүнүн KetiOne шоурумунда ырчы кайра-кайра пайдалана берсе боло турган маскаларды өз брендинин аты менен 1,5 миң рублдан сата баштады. Инстаграммасында Топурия, булар медициналык маска эмес, сактоочу маска – адамдардын баарын вирустан сактай албайт, анткени аны ден соолугу чың адамдар эмес, илдет жуктургандар тагынышы керек деп жазды. Анда анын эмне кереги бар? Сыягы сулуулук үчүн го.
Pulse.mail.ru материалдарынан алынды.
Abal.kg



