Дүйнө

Коронавирустан өлгөн аялдын жанында 4 жашар уулу 16 саат отурган

АКШда  коронавирустан өлгөн апасынын жанында  4 жашар уулу 16 саат отурганын жазат РИА Новости маалымат агенттиги.

42 жаштагы аял маммолог-врач болуп иштечү.  Ал каза болгондон кийин  канынан анализ алганда  коронавирус менен ооруганы аныкталды.  Аял болжол менен 12-16 саат мурун өлгөн.  Ошол учурда анын жанында баласы гана болгон. Үйүндө башка эч ким болгон эмес. Бул үйгө капысынан келген полиция көрүп калган.

Маркум врач буга чейин өзү иштеген клиникадагы кызматкерлер, бейтаптар менен байланышта болгон.

Эскерте кетсек АКШда учурда коронавирус катталгандардын саны саат сайын өсүп, өлгөн адамдар Италияны кууп жеткени тууралуу жергиликтүү дарыгерлер тынчсызданууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button