Окуялар

Өзбекстандан келаткан бир миллион сомдук контрабанда кармалды

Айдаркен чек ара постунун чек арачылары кыргыз-өзбек чек арасынан контрабанда жолу менен жүк алып өтүүгө аракет кылгандардын жолун бууду.

Кыргызстандын төрт жараны Hyundai Porter машинасы менен жер семирткичтерди алып өтөбүз дешкен. Алар кыргыз чек арачылары тарабынан Ноокат районунун Кызыл-Тоо аймагынан кармалган.

Текшере келгенде алардын жанында жүктүн келип чыгышын тастыктаган документтер болгон эмес.

Колго түшкөн жалпы товардын баасы бир миллион сом болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button