Коом

Өзбекстанда COVID-19 вирус жуктурган дарыгерлерге 10,4 миң доллардан берилет

Өзбек президент Шавкат Мирзиёев коронавирус инфекциясы менен күрөшүү маселелери боюнча видеожыйын курду.

Мирзиёев COVID-19 вирус жуккан оорулууларды дарылап жатып, инфекция жуккан дарыгерлер компенсация катары 100 миллион сум (10,4 миң доллар) аларын айтты.

Ал бардык ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, 11 оорукана, 97 санаторий, лагерь, жатаканалар карантин шартында иштөөгө ылайыкташкан деди. Инфекция менен күрөшүү үчүн 100 миң дарыгер даярдыктан өтүп даяр турушат.
Мирзиёев эң башкысы COVID-19 вирус жуктургандарды дарылап жаткан дарыгерлер ай сайын 25 миллион сум (2600 доллар) сый акы катары алып турат деди. Медайым менен лаборанттарга 15 миллион сум (1500 доллар), санитардык кызматкерлерге 10 миллион сум (1000 доллар) жана ар кандай жумуштарды аткаргандарга 5 миллион сум (520 доллар) сый акы каралган.

Азыр Өзбекстанда COVID-19 вирусу 75 кишиден табылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button