Саясат

М.Абылгазиев: Жашы улгайган адамдар ишке келбей турушу керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда улуу муундагы адамдарды онлайн режимине которуу же иштен толук бошотуу зарылдыгын эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөт сунуштама бергендигине карабай айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы маалым болгон.

«Абылгазиев өзгөчө абал режимин эске алып, улгайып калган адамдарды иштен толук бошотуу керектигин дагы бир жолу эскертти. Ошондой эле коомдук транспорт токтотулгандыктан, ар бир мамлекеттик орган жумушка чыккан кызматкерлерин ташууга милдеттүү», — деп айтылат билдирмеде.

Өкмөт мүмкүн болсо онлайн-сервистерди колдонууну да сунуштады.

«Инфекциянын жугуу тобокелдиктерин максималдуу түрдө азайтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатабыз. Аларга мамлекет жана жеке менчик түрүнө карабастан бардык түзүмдөрдүн жетекчилери гана эмес, жалпы жарандарыбыз, алардын туугандары жана жакындары да жардам бериши керек», — деген Абылгазиев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44кө жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button