Дүйнө

Коронавирус. Врачтар бейтапты үч жолу үйүнө жиберишип өлтүрүп алышты

Бейтап клиниага үч ирээт кайрылат, үчөөндө тең медиктер  симптомдору жетишсиз болгондуктан анын вирус жуктурганын бышыкташкан эмес. Акыркы ирээт абалы өтө оорлошкодон  кийин гана диагнозу так коюлган, бирок бейтап көп өтпөй көз жумган.

АКШнын Канзас штатынын  Ленекс шаарынын тургунунда вирустун симптомдору жетишсиз болгондуктан, врачтар сасык тумоо деп бүтүм чыгарышып, үйүнөн дарылынып турууга үч ирээт  жиберип ийишкен. Абалы өтө оорлошуп кеткенден кийин гана анда вирус аныкталып, бирок ал каза таап калды деп билдирди Лента.ру, кечээ 26-мартта.

Фокусник болуп иштеп жүргөн мурдагы биология мугалими, 74 жаштагы  Деннис Уилсон (Dennis Wilson) 12-мартта ооруп калып, тез жардам клиникасына барган. Анда суук тийгенге окшош симптомдор болгон. Андыктан врач аны үйүнө жиберип, суюктукту көп ичип анан эс алыңыз деп рекомендация берген.

Эртеси эле кечинде ал башка клинкага кайрылган.

A менен B гриппине тесттен өткөрүлүп, ал терс натыйжаны берген. Уилсонду кайра үйүнө жиберишкен, биринчи врач эмне рекомендация берсе ошону сунушташып.

15-мартта ал өзүн жакшы сезип калган, бирок кечинде эле күйүгө баштаганын (одышка) айткан. Түн ортосунда аялы Джоанна (Joanna) аны үчүнчү жолу, дагы башка  клиникага алып барган. Флюорография анын эки тараптуу пневмония болгонун көрсөткөн. Ошондо да, врач аны COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган деп шектенип турса дагы, коронавируска тест жасаганга Уилсондун оорусунун симптомдору жетишсиз болгон.

Эртеси эртең менен анын абалы өтө оорлошуп кеткендиктен ооруканага жаткырышкан. А аялы Джоаннаны карантинге барасыз дешкен. Ушундан кийин гана анын күйөөсүн корнонавируска тесттен өткөрүшкөндө оң натыйжаны берген. Джоаннага күйөөсүн көрүүгө  17-мартта уруксаат беришкен. А 21-мартта, ишембиде Уилсон көз жумду.

Ал каза болгондон кийин Джоанна Facebookка адамдын жанын кейите турган пост чыгарган. «Салгылашуу аяктады», — деп жазат ал. «Эми ал экинчи бул эшиктен кирип келбесин эң сонун билип туруп мен үйгө кирдим. Анан кайрадан жаңы карантин баштадым. Эми үйдө олтуруп алып канткенде сөөктү көмүүнү пландаштырам деп ойлоп атам, сөөк кою жакын арада болбосун билип турсам дагы.  Бүт баарын дезинфекциялап чыгышым керек, бирок эмне кылышты билбейм, ага менин алым да жок. Эч жакка да бара албайм, эч ким мени көргөнү да келе албайт. Аргам түгөнүп турат, жападан жалгызмын. Эмнеден баштасам?» — деп жазды Джоанна.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button