Коронавирус. Кыргызстанда кичи ажылыктан келгендер жуктурууда

Бүгүн Кыргызстанда 14 киши коронавирус жуктуруп алгандардын катарын толуктады. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши. Алар Сузак, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат районунун жана Ош шаарынын тургундары.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 кишинин бешөө кичи ажылыктан келсе, калгандары мурдагы бейтаптар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктурган 14 кишинин жетөө Ош облусунан болсо, жетөө Жалал-Абаддан. Тагыраагы, Сузакта жети, Өзгөндө үч, Ноокатта эки, ал эми Кара-Суу району менен Ош шаарында бирден учур катталган.
«Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши. Алар 1 жаштан 68 жашка чейинки адамдар. Беш киши кичи ажылыктан келсе, тогузу мурда оору катталган бейтаптар менен байланышта болгондор. Учурда булар менен байланышта болгон адамдар аныкталып, үй карантинине алынды», — деди Акматова.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус алгач умрага зыяратка барып келгендерден табылган. Андан кийинки бейтаптар да умрага барып келгендер жана алар менен байланышта болгондор катталган.
Abal.kg



