Дүйнө

Armani мода үйү италиялык врачтарга халат тигип берет

Armani мода үйүнүн ээси Джорджио Армани Италиядагы ооруканаларга миллиондогон евро жардам көрсөттү.

Armani мода үйү италиялык врачтар үчүн бир гана кийилчү халат тигип бере турган болду. Учурда мода үйү болгон күчүн врачтар үчүн атайын кийимдерди тигүүгө жумшап жатат.

Модельер Джорджио Армани Италиянын коронавирустан көп жабыркаган райондорундагы ооруканаларга миллиондогон евро жардам берген. Медициналык жайлар эми керектүү нерселердин барын сатып алышат.

Италия COVID-19 инфекциясынан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайды басып өттү. Ал жакта инфекциядан 8165 киши өлүп, 80 миңден көп кишиге инфекция жукту.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button