Коом

Токтогазы уулу Бактияр ажы: “Сойкулуктан сооп издеген арам!”

Туура эмес жол менен табылган киреше арам. Мындайды хадисте эмне деп айтаарын, аалым Токтогазы уулу Бактияр ажы түшүндүрүп берди.

“Эгер ал жигит чындап эле ошондой сойкулуктан тапкан акчасын Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жумшап жаткан болсо анда ал акчалардын, берип жаткан жардамдарынын баары арам болот”-деди аалым.

Белгилей кетсек, кечээ жакында Даниэл Ажиев аттуу жаран “сойкуларды иштетип акча табам. Аллах ыраазычылыгы үчүн аны кайрымдуулукка жумшайм”-деп айткан болчу.

Кыргызстандын 7 облусуна 7 миллион сом кайрымдуулук жумшоону убада кылган Ажиев, өзүнүн инстаграм баракачы аркылуу түз эфирге чыгып, кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.

“Кыргыздар силер барыӊар келесоосуӊар, 15 000 сом айлыкка иштеп жүрөсүӊөр. Мен арам болсо дагы акчаны көп табам”-деп айткан. Анын билдирүүсү кызуу талкууга алынып, элди ашатып сөккөн Ажиевдин камакка алынышын талап кылгандар болгон.

Жыйынтыгында Даниэл Ажиев ИИМ тарабынан 48 саатка камакка алынган. Кармап келүү учурунда “мен бары бир чыгып кетем”-деп милиция кызматкерлерин уят сөздөр менен жемелеп, шылдыӊдаган.

Ал кечээ  кармалганын ИИМ басма сөз кызматы билдирди. Даниэл Ажиевдин үстүнөн КР КЖКнын 313-беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми ИИМдин билдирүүсүнө таянсак, ал ошол кезде баңгизат колдонгону белгилүү болгон.

Ал эми Ажиев мурда вебкамера менен порновидеолорду даярдап, сатканы үчүн да кармалган. Ал кезде Ажиев камакка алынган эмес.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button