Пайдалуу кеңештер

Вирус жуктурбаш үчүн оозуңарды чайкап тургула дейт кардиохирург — академик

Россия илимдер академиясынын (РАН) академиги, Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин башкы  кардиохирургу Лео Бокерия коронавирустун профилактикасын (алдын ала алуу) кантип эффективдүү жасаса болоорун айтып берди.

Академиктин айтуусуна караганда бактерияга каршы суюктуктарды (бактерицидные растворы)  ооздун ичин чайкап туруш үчүн пайдалануу керек. Бул туурасында “Москва” маалымат агенттиги билдирди деп, M24.ru/news/medicina маалымдады.  

Мындан сырткаары да бактерияга каршы самын (бактерицидное мыло) пайдалуу. «Ооздун ичинин таза болгону өтө маанилүү. Аны тазартуучу толтура суюктуктар бар. Дарыканалардын баарында оозду чайкай турган мыкты антибактериялык (бактерицидные) суюктуктар бар», – деди Бокерия.

Ошондой эле россиялык академик жеке гигиенаны сактап, колду бат-баттан самындап жууп туруш керек  экенин эскертти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button