Маданият

Жаны күйгөн Лариса Гузеева россиялыктарды уят сөздөр менен сөктү(видео)

Телеалыпбаруучу Лариса Гузеева россиялыктарга кайрылуу жазып, коронавирус пандемиясынын учурунда сейилдеп жүргөндөрдү орустун уят сөздөрү менен сөктү.  Видеосун Гузеева өзүнүн  Instagram баракчасына чыгарды. 

«Кымбаттуу адамдар, абал өтө олуттуу, үйүңөрдөн чыкпагылачы, сураныч. Мен силерге ушинтип кайрылайын деген элем. Бирок азыр мен ачуумдан жарылып кете жаздап турам! Мен жаңы эле шаардан келдим. Мындай мүмкүн эмес!  Алма түшөөргө жер жок!», — деп жаны күйүп айтты Гузеева.  Жада калса өзү машинада баратканда терезесин ачкандан коркоорун, анткени өзү да, айлана-чөйрөдөгүлөр да коркунуч туудураарын кошумчалады.

«Баары сейилдеп жүрүшөт: балдар да, ата-энелер  да, кары – картаңдар да. Эмне кылып атасыңар? Энеңди!.. Андай кылган болбойт, ***, чын, коркунучтуу!», — деп телеалыпбаруучу жашагысы келбегендерге, башыңар менен дубал сүзүп өлгүлө деп кеңеш берди.

https://www.instagram.com/p/B-SMoXUFm9G/

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button