Коом
Коронавирус. Кыргызстанда айыккан алгачкы бейтаптар ооруканадан чыгышты

Бүгүн, 30-мартта саат 10до Жалал-Абадда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын айыккан алгачкы бейтаптарды чыгарышты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, коронавируска каршы күрөшүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат.
“Бул кырдаал бир гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй дүйнө медицинасы үчүн чоң сыноо болот. Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз ага жетебиз”, – деди ал.
Abal.kg