Коом

Эмилбек Алымкулов: «Нарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамы келди» (видео)

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Нарын облусундагы, жаратылыш шарты оор аймакта жашаган, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк жеткирди. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

“Жогорку Кеӊештин депутаты Искендер Матраимов тарабынан, облуска 50 тонна ун, 3 тонна өсүмдүк майы жардам катары келди. Райондун акимдери атайын комиссия түзүп, жардамга муктаж адамдарга таратып берүү чечимин кабыл алып, бөлүп кетишти. Жардам даректүү жетүүсүн райондогу социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алышат”-дейт ал.

Тийешелүү жардамды депутат өзү коштоп барганын фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып, таратууга көмөк кылгандарга ыраазычылыгын айткан:

“Нарын облусуна арналган азык-түлүктү өзүм коштоп жеткирип бардым. Облус жетекчиси Эмилбек Абдыраимович жана райондун акимдери менен кеӊешип, облустагы жашоо-шарты катаал аймакта жашаган жакыр үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга таратып берүүнү макулдаштык. Мындан тышкары, Нарын шарында балдары шал оорусу менен жабыркаган, үйүнөн жарым карыш чыга албаган энелерге дагы жардам көрсөтүүнү колго алдык. Жергиликтүү бийлик жана биздин волонтерлер ашууларга жааган карга карабай, элдерди кыдырып, үйүнө чейин жеткирип беришти. Бөлүнгөн жардамды таратууга көмөк кылгандарга Исмаил Матраимов фондунун атынан ыраазычылык билдиребиз”-дейт Искендер Матраимов.

https://youtu.be/LPDtEjGQ5Do

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button