Коронавирус. Карантинде отурган 5 өспүрүм өз өмүрүнө кол салды

Ысык-Көл облусунда окуучулар карантинге байланыштуу эс алууга тараган күндөн тарта 5 өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.
Анын айтымында, коронавируска байланыштуу өзгөчө карантиндик режимге ылайык, 16-марттан тарта мектеп окуучулары эс алууга тараган. Балдардын өлүмү 16-марттан 29-мартка чейинки аралыкта катталган.
«Бул балдардын жашы 11 жаштан 14 жашка чейин. Алар үй-бүлөлүк ар кандай пикир келишпесиктен улам өз жанын кыюуга барган экен. Мындай жүрөктү оорута турган окуялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда катталды. Балдар азыр 24 саат бою ата-эненин кароосунда болуп жатат. Карантин учурунда балдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Ата-энедерден ачууланбай, балдарды катуу урушпай, сабырдуу мамиле кылууга чакырат элем», — деди өкүлдүн орун басары.

Abal.kg



