Түндө Сокулуктагы акимчилик курчоого алынды. Ал жерде эмне болгон?

Кечээ Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери түн ичинде текшерүүдѳн ѳтүштү. Бул тууралуу райондун тургундары билдиришти.
Жашоочулардын
айтымында, алар имараттан чыгарылбай, курчоого алынган. Себеби, райондогу
мамлекеттик кызматкерлердин бирине вирус жукту деген шектенүү жаралган.
Өкмөттүн Чүй облусундагы ѳкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, шектүү адамдын
анализи таза чыккан.
«Кудайга шүгүр, шектүү адамдын анализи таза чыкты. Ошентсе дагы тиешелүү
иш-чаралар аткарылып, ыкчам түрдѳ башка кызматкерлерден дагы анализ алынды.
Алардын анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Алар дагы таза болушу мүмкүн.
Жергиликтүү тургундарды бул боюнча тынчсызданбай, айтылган бардык эрежелерди
сактап, үйүнѳн чыкпоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Турмуш