М.Абылгазиев: Салык, комуналдык төлөмдөр, интернет узартылат, айыппул салынбайт(видео)

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте кырдаалды дыкат талдап, ишкерлерди насыяны кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү боюнча комплекстүү чараларды көрөт.
«Азыркы финансылык шок, акыркы кыйынчылык бир эки айда бүтө калчу кыйынчылык эмес. Мунун зыяны кыйынчылык мезгили уланышы мүмкүн. Ошондуктан финансылык жана мыйзам жагынан да бизнести колдошубуз керек. Өзгөчө салык, бажы мамилелери боюнча колдообуз керек. Учурда иштебей турган, карыз болгон, ушул мөөнөттө салыктардын карызын төлөө мөөнөтүн узартабыз. Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча отчетторду тапшыруу мөөнөтү 1-октябрга чейин жылдырылды.
Мындан тышкары өкмөт комуналдык ишканаларга электр энергиясын, комуналдык төлөмдөрдү интернет байланыш кызматтарын үч айга чейин өчүрбөөгө чакырабыз. 3 айдан кийин төлөсө дагы айыппул штраф пениялар салынбашы керек»,- деди.
Abal.kg