Коом

Медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө маселеси каралууда

29-мартта КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуп, учурда бүтүндөй дүйнө жүзүн, анын ичинде бизди, Кыргызстанды убайымга салып жаткан коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизе турган кесепеттерин азайтуу боюнча Өкмөттүн антикризистик планы талкууланды. Бул антикризистик чаралардын комплекстүү планын тезинен кабыл алуунун зарылдыгы дагы белгиленип биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, макроэкономикалык кырдаалды жолго коюу жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектиги баса белгиленди. 

Белгилүү болгондой, өлкөдөгү бир катар шаарларга жана райондорго 25-марттан баштап 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындай өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка  зарыл болгон азык-түлүктөрдү жеткирүү маселелери,  өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында калктын социалдык аялуу катмарына даректүү жардам көрсөтүүгө олуттуу көңүл буруу зарылдыгы да айтылды.

Мындай элге, өлкөгө ыңгайсыздыкты жараткан оору менен күрөшүүдө биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин орду чоң экендиги да айтылды. Президент медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүү менен аларды бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоого байланыштуу аракеттерге да токтолду.

Өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө экономикасына болгон терс таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жана башка антикризистик чаралардын ишке ашырылышы боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу Премьер-министр кеңири айтып берди. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча материалдык каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады

Чынында эле бүгүнкү кырдаалда медицина кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен өлкөнүн бардык аймактарында күн-түн дебей иштеп жатышат. Буга чейин коомчулукта медицина кызматкерлеринин дарегине көп эле сындар, нааразычылыктар айтылып келген. Бирок, кыйын учур аларга болгон коомчулуктун мамилесин, пикирин таптакыр өзгөртүп койду. Азыр бардык жарандар медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү менен жакшы пикирлерин билдирип жатышат. Элдин мындай баасы, албетте, медиктер үчүн жагымдуу жана бул көрүнүш мындан ары дагы уланып кала берет деген пикирлер дагы басымдуу.

Айтмакчы, Президент менен Премьер-министрдин жолугушуусуна чейин, 19-мартта, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында коронавирус менен күрөшүп жүргөн медиктерге кошумча маяна берүүгө 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген. Өкмөт башчы учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана айлык алаарын айтып: «Медиктер азыр оор шартта иштеп жатат. Ар биринде «оорулуу кишилер чыгып калса эмне кылам» деген чочулоо бар. 7-10 миң сом маяна алган медиктерге кошумча акы төлөө үчүн эпидемиологиялык фонддон 30 миллион сом бөлдүк. Өзүлөрү ыраазы боло тургандай маяна чегерип берели деп жатабыз», — деп билдирген. Ошондой эле өкмөт башчы коронавирус жуктургандар жана алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарды караган дарыгерлер санитардик норма боюнча үй-бүлөсүнө жолобош керектигин, андыктан аларды колдоо зарылдыгын айтып, учурда ар бирибиздин тагдырыбыз медиктердин жана өзүбүздүн колубузда экенин белгилеген.

Албетте, акыркы учурлардагы абал өлкөдөгү медицина тармагына олуттуу көңүл буруу керектигин айкындап койду. Аны менен катар эле медицина кызматкерлерине болгон мамилени дагы өзгөрттү. Өлкө элине олуттуу коркунуч жараткан илдет менен күрөшүүгө биринчилерден болуп тартылган вирусологдор менен санитардык дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады. Бул туралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирип: «Биз бул кырдаал башталгандан тартып дарыгерлердин маянасына жетишээрлик жөлөк пул менен камсыздап жатабыз. Кечээ инфекция бөлүмүнүндө коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге дем берүү ирээтинде финансы башкармалыгына бул аракетти колго алуусун тапшыргам. Дарыгерлерибизди нааразы кылбайбыз. Бул дарыгерлерди алга жылдыруу жана шыктандыруу үчүн», — деди.

Ал эми 28-март күнү Кыргыз өлкөсүндөгү эпидемиологиялык абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча жыйын өткөрүп: «Медициналык кызматкерлердин айлык акысы боюнча дарыгерлер буга чейин алып келген айлыгынан сырткары 46 миң 360 сом, орто билимдүү медициналык персоналдар 41 миң 885 сом жана техникалык кызматкерлер 39 миң 160 сом колго алышат. Коронавирус менен ооруган бейтаптарды караган медицина кызматкерлери 14 күн иштеп, 14 күн карантинде болушат. Алардын коргоочу кийимдери да жакшы каралууда», — деген маалыматты айтты.

Премьер-министр белгилегендей, медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө маселеси ишке ашса, анда бул кесиптин ээлерине болгон колдоо дагы жакшыра түшмөкчү. Өлкө башчысы да медицина кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылыгын билдиргенин да белгилеп койгубуз келет.

Тагыраагы, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасап, «Күнү-түнү аракеттенип жаткан ар тармактын кызматкерлерине, биринчи кезекте дарыгерлерибизге дагы бир ирет ыраазылык билдирем. Алгачкы күндөрү медиктерибиздин ишин камсыздоо боюнча кемчиликтер болгон. Андан кабардармын. Республикалык штаб кырдаалды жолго коюуда. Урматтуу дарыгерлер, сиздердин күйүп-жанып, башкаларга ишеним берген эмгегиңерди жалпы журтубуз бийик баалайт. Сиздерди мамлекет камкордугуна алат. Азыркы иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууну суранам», – деген Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми сөздүн ток этээрин айтканда учурда Кыргызстандын айрым шаарларында өзгөчө абал киргизилип, Президент, Өкмөт башчы жана башка бардык мамлекеттик ведомстволор мыкты иштеп атканын мойнубузга алышыбыз абзел.

Аида Надырбекова, журналист

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button