Коом

Жеке ишкер милиция кызматкерлери үчүн 500 000 беткап тапшырды

Жеке ишкер Маматжан Анарбаев учурда коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү максатында күн-түн дебей көчөлөрдө кызматын өтөп жатышкан милиция кызматкерлеринин коопсуздугун ойлоп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көп жолу колдонуучу 500.000 даана бет кап тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал ары түйшүктүү, ары татаал ишти аркалап, күн-түн дебей калкттын коопсуздугу үчүн кызматын өтөп, мекенине кызмат кылып жүргөн милиция кызматкерлерине ар дайым ыраазы экендигин билдирип, ден соолуктары бекем болушун каалап өттү. Өз кезегинде ички иштер министрлиги жеке ишкерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button