Саясат

Жаңы кызматтарга Аида Исмаилова, Сабиржан Абдикаримов сунушталууда

Премьер-министр Кыргызстандын вице-премьер-министрлик кызматына Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке көрсөттү.

Жаңы жетекчилердин талапкерлигин коалициялык көпчүлүк карай тургандыгын кезексиз сессиянын түшкө чейинки отурумунда төрага Дастанбек Жумабеков билдирген болчу.

Аида Исмаилова — парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button