Коронавирус. Курчоодо калган Сокулук акимиатынын кызматкерлеринин анализи чыкты

Ѳздѳрүн изоляция алган Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине сүйүнүчтүү кабар угузулду.
Акимчиликтен билдиришкендей, бүгүн, 2-апрелде саат 13:30да Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлеринин анализдери таза чыккан.
«Эми үйлѳрүнѳ кое берилет. Сарсанаа болууга себеп жок. Ошондой эле, тургундарды паникага алдырбай, гигиеналык эрежелерди так сактап, үйдѳ отурууга чакырабыз», — деп билдиришти аталган түзүмдөн.
Бул кызматкерлер 30-мартта түн ичинде коронавирус боюнча текшерүүдѳн ѳтүшкѳнүн буга чейин райондун тургундары Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришкен эле.
Жашоочулардын айтымында, алар имараттан чыгарылбай, курчоого алынган. Себеби, райондогу мамлекеттик кызматкерлердин бирине вирус жукту деген шектенүү жаралган. Такталган маалыматтарга караганда, шектүүнүн анализи таза чыккан. Бирок Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери анализинин жыйынтыгын күтүп, акимчиликте ѳздѳрүн изоляцияга алышкан. Бул маалыматты өкмөттүн Чүй облусундагы ѳкүлчүлүгү да тастыктаган.
Abal.kg