Мышыктан коронавирус табылды. Адамга жугабы?

Кытайдын мамлекеттик China.org.cn. сайтынын билдирүүсүнө караганда мышыктан SARS-CoV-2 коронавирусу табылган.
Гонконгдун бийликтери COVID-19 менен жабыркаган бейтаптын мышыгынан коронавирус чыкканын жарыя кылышты.
Мышыктын ээсине коронавирус деген диагноз коюлган. Андан кийин мышыкты Гонконг портунун изоляторуна карантинге жабышкан. Гонконгдун айыл чарбасы, балык өндүрүшү жана жаратылышты сактоо департаментинин өкүлдөрү ал мышыкты коронавирус SARS-CoV-2ге текшеришкенде, анын оозунун, мурдунун ичинен жана ичегисинен аталган инфекция чыккан.
Департаменттин өкүлү мышыкта оорунун симптомдору жок деди. Ошентсе дагы адистер анын абалын көзөмөлгө алышып, кайра кайталап тесттен өткөргөн жатышат.
Мурдараак Гонконгда коронавирус SARS-CoV-2 менен ооруган эки итти табышкан.
Мышыкка коронавирус SARS-CoV-2 жугушу мүмкүн экенин мурда эле журнал Nature да жазып чыккан. Басылма Кытайдын Харбиндеги ветеринардык изилдөө институтунда өткөрүлгөн эксперимент тууралуу баяндаган. Анда коронавирустун Кытайдагы эпидемиясынын учурунда окумуштуулар мышыктарга, иттерге, тоокторго, чочколорго жана өрдөктөргө ирфекцияны жугузууга аракет кылышкан. Окумуштуулар алардын ичинен жалгыз гана мышыкка жугуза алышкан жана бир мышыктан экинчи мышыкка жукканын да каттап коюшкан. Бирок, мышыктар бул кеселди адамдарга жуктураарына түздөн түз далил табышкан эмес.
Abal.kg