Дүйнө

Үйүнөн алысыраак дүкөнгө барганы үчүн алматылыктарды камашабы?

Алматы шаарынын акиминин орун басары Ерлан Кожагапанов, “кол созсо жетээрлик жердеги”   (шаговая доступность)  деген кантип аныкталаарын айтып, алматылыктар үйлөрүнөн алысыраак жайгашкан дүкөндөргө барууга болоорун , же болбосун түшүндүрдү, дейт NUR.KZ.

Анын сөзүнө караганда, полициянын патрулдары “кол созсо жетээрлик жердеги” деген эмне экенин билишет.

«Бул суроонун маанилүү экенин түшүнүп, муну патрулдарга да жеткирип коюш керек, алар да бул маселеге түшүнүү менен мамиле жасашсын. Эгер адам жашаган жерде дүкөн жок болсо, анда “кол созсо жетээрлик жерде” дегенибиз – жакын арадагы дүкөн болуп саналат. Планшеттерде Гугл, Яндекс, 2гистин карталары турат, баарында смартфон бар. Полициянын патрулдары аралыкты өлчөшөт. Бир жерде жакын, бир жерде аралык узагыраак болушу ыктымал, айрыкча жеке менчик сектордо.

Эгерде адам азык-түлүк, же дары-дармек сатып алуу үчүн башка дүкөнгө, же аптекага барса, аны эмнеге камашмак эле. Эми бир жерде бар, бир жерде жок болуп калышы мүмкүн. А кокус эң керектүү азык-түлүк эмес болсо, анда маселе  башкача болот.  

Толук изоляциялоо – оорунун жайылышын азайтуунун  гарантиясы. Ошондуктан көрүлүп жаткан баардык чараларды туура деп эсептейбиз», — деп билдирди, акимдин орун басары.

Эскерте кетсек, азыркы тапта Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 473.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button