Без рубрики

Коронавирустан көз жумган адамды жерге берүүдө туугандары катышкан жок(видео)

Кечээ, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат райондук ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтаптын коронавирустан каза тапканы бүгүн белгиүү болду. Аны жерге берүү учурунда бир дагы тууганы катыша алган жок. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

“Эпидемия болгондо кишини жерге берүүнүн өзүнүн шарты бар экен. Бул тууралуу кененирээк маалыматты медицина кызматкерлери айтып бершет. Маркумду жерге берүүгө 5-6 адам туугандарынын уруксаты менен катышып, жаназасы ошол жерде окулду.

Ачыгын айтканда, каза болгон жаранды жерге берүүдө туугандары болгон жок”, – дейт ал.

https://youtu.be/N7ARCCOjJpg

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button