Коронавирустан көз жумган адам умрадан келген

Ноокатта каза болгон адам кичи ажылыктан келген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Аны кант диабетинен да жабыркап келгени айтылды.
«Ноокатта коронавирус жуктуруп каза болгон адам кичи ажылыктан келген. Анын кант диабети, башка дагы өнөкөт оорулары бар экен. Эми анын кайсы оорудан көз жумганын текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин так айтабыз», — деди министр.
Соңку бир күндө коронавирус жуктурган 14 адамдын төртөө чет өлкөдөн келген.
Ал эми 10 бейтап өлкө ичиндеги ич ара байланыш аркылуу жуктуруп алган.
Аймактар боюнча алганда, Жалал-Абад облусунда — 5, Жалал-Абад шаарында — 2, Бишкек шаарында — 6, ал эми Чүй облусунда — 1 учур катталган.
Ал эми жалпы жонунан ушу тапта Жалал-Абад облусунда 61, Ош облусунда 30, Чүй облусунда 6, Ош шаарында 10, Бишкек шаарында 14, Нарын облусунда 4, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 киши илдет менен күрөшүүдө. Бейтаптардын ичинен 72си — аял, 58и — эркек.
Abal.kg