Бир киши кантип бүт Грецияны коронавирус эпидемиясынан сактап калды

«Аны азыр улуттун сактап калуучусу деп жатышат».
Коммерсантъ“Ъ” басылмасынын Афинадагы корреспонденти Андрей Плахов грек тажырыйбасын иликтеген.
Коронавирустун пандемиясынын жана миңдеген өлүмдөр туурасындагы маалыматтардын фонунда, азырынча эпидемиянын катастрофалык кыйраткыч толкунунан четте калууга күчү жетип жаткан өлкөлөр, көңүлүңдү өзгөчө бурат. Ошондой өлкөлөрдүн бири — Греция. Өлкөнүн бийлигинин эксперттердин баардык кеңештирин аткарууга даяр турганы жана жалпы элдик биримдик COVID-19дун жайылышын ооздуктоого мүмкүнчүлүк түзүп жатат.
«Мүнөзү жумшак алпейим бул киши жети баланын атасы, жекшемби сайын чиркөөгө барып ырдайт. Ал дайыма адамды жоошутуп, кимди болбосун ынандыра тургандай тон менен сүйлөйт. Бүтүндөй Греция анын тилин алат, аны угат”, – грек журналисти жана котормочу Димитриос Триантафиллидис, дүйнөлүк деңгээлднги эпидемиолог, грек “коронавирус кереметинин” жаратуучусу Сотирис Цодрасты ушинтип мүнөздөйт. “Бүгүн аны улуттун сактап калуучусу деп аташат. Анын рейтинги тележылдыздардыкынан да жогору. Биздин ыйык аталарыбызга(священники) храмдарды жабыш керек деп айткан да ошол. Бирок алар жарым-жартылай гана чаралар менен чектелгилери келишкен -— ошондо премьер-министр аларды жабуу боюнча өзү чечим кабыл алган. Биздин бактыбыз бар экен, гректердин саламаттык сактоо жаатында коркунучтарга каршы тура турган жана татаал маселелерди көп сүйлөбөй эле, а эң башкысы, ашык баш чыгымдарсыз эле чечүүчү ушундай адамдардын бар экени”.
Бүгүнкү күнгө карата Грециядагы эпидемиянын статистикасы: 1415 киши жугузган, 51и көз жумган.
Бирок, мындай төмөнкү көрсөткүчтөр бийликти баары бир бел чечтирбейт — бул дагы көп жагынан Сотирис Цодрастын эмгеги.

Бирок, эң мыкты медик дагы өлкөнү сактап кала албайт, эгерде анын жарандары жалпы коркунучтун алдында бириге алышпаса.
Гректер бул маселени да чечишти десек болот — азыр өлкөдө азык-түлүктүн тартыштыгы жок, антисептиктер да жетиштүү. Маселе беткаптардын тартыштыгында болуп жаткан, бирок мени менен аңгемелешкендердин айтууларына караганда, бул жагынан да адамдар бири-бирине жардам бере башташкан.
Грецияда аял волонтерлорунун бүтүдөй бир кыймылы пайда болгон, маселен, Албаниядан келген бир мигрантка — кийим оңдогон мастерскойдун ээси, үч күндө 700 беткап тигип, ооруканага берген.
Бүтүн грек коомун кучагына алган биримдик идеясы жөнүндө Афинанын тургуну, орус эмиграциясы тууралуу китептин автору Ирина Жалнина минтип айтат. Ал Грециядагы абалды Италия менен Испанияда түзүлгөн кырдаалга салыштырат: «Биз дагы алардын сценарийи менен кете жаздап, аз эле жерден калдык. Бизде карылар көп. Алардагыдай эле биз да экономикалык кризисти мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу жолу менен жеңгенбиз. Грециянын медицина тармагында эле 10 миң жумушчу колу жетишпейт. Бирок бүгүн биз калктын жалпы санына карата курман болгондорду салыштырганда 50-орунда да эмеспиз. Гректерге башымды ийип таазим этемин. Алар жалпы иштин мүдөөсү үчүн, өздөрүнүн өзүмчүлдүгүн нары жыйнаштырып коюга жөндөмдүү, биримдиктүү улут экенин көрсөтүштү».

Өзүмчүлдүк эмне экенин, кыязы, эл да, бийлик да чыны менен эле унунтуп коюшту окшойт. Биринчи оорулуу пайда болгонго чейин эле, Сотирис Цодрастын демилгеси менен 26 окумуштуудан турган ыкчам топ, 13 медициналык борбор түзүлгөн.
Ошол учурда коңшулаш Италияда бар болгону 11 киши көз жумуп, 330у ооруп калганда, өтө сак байкоочулар үчүн да ситуация анчалык жаман эместей туюлган.
26-февралда Грецияда биринчи бейтап катталган: Салоникке Түндүк Италиядан жергиликтүү аял кайтып келген. Бийлик көз-ачып жумгуча чара көргөн: бейтаптын баласы окуган мектеп дароо карантинге жабылган. 27-февралда оору жугузган үч учур катталаган (экөө Салоникте, бирөө Афинада). Кайрадан чечкиндүү аракеттер: окуучулардын чет өлкөгө барышына, массалык сейилдөөлөргө, карнавалдарга, Дельфидеги экономикалык форумга дароо тыю салынган.
5 — мартта — Израилге зияратка барып келгендерден 21и оору жугузган. Ошондо ишке профессионалдуу коомчулук аралашты: университтетик Аттикон ооруканасынын кызматкерлери, тез аранын ичинде эпидемияга каршы план иштелип чыкпаса, иш таштоо уюштурабыз деп, өкмөткө кайрылуу жасашкан.
Бийлик алардын тилин дароо алып, анан этап-этабы менен карантин киргизе баштаган: 8-мартта аялдар күнүнө карата демонстрацияны токтотушкан, мектептерди, жогорку окуу жайларын, бала бакчаларды жабууга чечим кабыл алган. Бир нече күндүн ичинде гимназиялар, бий жана спорт залдары, соттор, театрлар, кинотеатрлар жабылып, карылар үйлөрүнө баруулар токтотулат. Көз карандысыздык күнүнө карата парад токтойт. Таверналар, кафелер, барлар, чач тарачтар, сууга түшчү жайлар(пляждар) менен тоодогу лыжа курорттору жабылат.
Андан кийин — соода борборлору менен супермаркеттер (азык-түлүктөн башкасы) жабылат. 17-мартта бүт мобилдик телефондорго шашылыш кабар келет, коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу үйүңөрдөн чыкпагыла деген. Ондон ашык кишини башы кошулган топторго тыю салынат (штраф €1 миң).
Ошол эле учурда социалдык иш-чаралар да көз жаздымында калган эмес, маселен, окууга мүмкүнчүлүгү болбой калган балдардын ата-энесинин бирөөнө айлыгы сакталчу тыныгуу беришкен.
Коронавирустун айынан ишин токтотушкан ишканалардын жана компаниялардын 600 миң кызматкерин 31-июлга чейин салык төлөгөндөн бошотушкан. Ал эми апрель айында ишсиз кала тургандарга €800 төлөнт.
Өкмөт көп керектелчү азык-түлүккө баа өсүп кетип, кызыл кулактыкка жол ачылбасын деп, катуу көзөмөл коюп, дагы кошумча 2 миң медиктерди кызматка алууну чечкен.
23-марттан тартып катуу режимдеги толук кандуу карантин башталды. Ким жумушка барып, кайра келатса жанында жашаган жеринин, иштеген ишинин дареги жана жумушчу убактысы көрсөтүлгөн толтурулган форма болушу керек.

Калгандарына алты гана себеп менен үйдөн чыгууга уруксаат берилген: арасында – дарыканага, врачка (эгер далилдей алсаң) , азык-түлүк дүкөнүнө, банкка (эгер электрондук трансакция мүмкүн болбосо), итти сейилдеткенге. Андан тышкаары: жүйөлүү себепке — муктаж болгондорго жана туугандарга жардам берүү да кирет.
Ар бир жолу сыртка чыгыш үчүн анын алдында СМС-билдирүү жиберилет, же тийиштүү кагазга кол коюлат. Бул эрежелерди сактабагандарды катаал жаза күтүп турат. Карантиндин биринчи үч күнүндө эле €150дон 2 миңден ашуун айып салынган. Азыркы мезгилге чейин айып тарткандардын саны 6 миң. Айыптан чогулган баардык каражат саламаттык сактоо системасын колдоого жумшалууда.
Бирок, эпидемияга каршы күрөш чыр-чатаксыз, оңой жүрүп аткан жок: өткөн ишембиде тыю салынганына карбай жаштар топтолуп алышып Салониктин жээгине чыгышкан. Буга жооп ирээтинде, бийлик мурдагыдан да катуу тартипти киргизген: жуманын ортосунан баштап түндүктүн кээ бир райондорунда алда канча катуу, иш жүзүндө өзгөчө кырдаал киргизилген. Афинада кол коюлган кагаз пайдаланылбайт — эшикке чыгуу тууралуу электрондук гана өтүнүчтөр каралат.
Ошентсе да гректердин басымдуу көпчүлүгү түшүнүшөт, изоляция менен өздүк дисциплина бул ситуациядан чыгаруунун жолу экенин. Ошондуктан жакындарына жардам берүүгө шашылышат. Маселен, Airbnb платформасы аркылуу берилүүчү квартралардын ээлери атайын топ түзүшүп, турак-жайларын ооруканалардын медперсоналдары эс алышсын, үй-бүлөө мүчөлөрүнөн алыс болушсун (изоляция) дешип, бекер берип жатышат. Врачтан видеоконсультация ала турган Doctor Next2Me платформасын ээлери бул кызматты да бекер кылып коюшту. Грек жеке ишкерлери интенсивдүү терапия палаталарын жабдышып, атайын коргоочу каражаттарды жана жабдыктарды алып келүүгө жеке менчик самолетторду бөлүп жатышат. А катардагы жөнөкөй жарандар болушса, социалдык ашканалар үчүн азык-түлүк чогултушуп, жалгыз-жарым коңшуларына жардам көрсөтүп жатышат.
Эң башкысы жана кымбаты ушул болсо керек — адамдын биримдүүлүгүнүн сабагы. Муну грек коомчулугу кайрадан кайталап жатат.
Коомду моблизациялоо жана бийликтердин адистердин рекомендацияларын аткарууга даяр турганы кошулуп, Грецияны “италия сценарийнен” сактап жатат.
Abal.kg



