Аналитика

Дыйкандар картошканы кымбат сатабыз деп катып жатпай, сатыкка чыгаруу керек

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында карантин, өзгөчө абал түзүлдү. Өкмөт калктын аялуу катмарына азык-түлүк тарата башташты. Кыргызстарда азык-түлүктөрдүн запасы жетиштүү экени тууралуу маалымат берип жатышат. Ал эми Россиядан Кыргызстанга 20-30 тонна картошка келип жатат. Андыктан Кыргызстандагы айыл аймагында жашаган дыйкандарга  кампасындагы картошканы  азыртадан эле арзан баада сатып салуусу сунушталууда.

Эсиңерде болсо, 2019-жылдын башында Айыл-чарба министрлиги дыйкандарга картошканы көбүрөөк айдагыла деп сунуш берип, бирок жыйынтыгында дыйкандар анын килограммын 5 сомдон сатканга аргасыз болушкан. Себеби, Өзбекстан менен Казакстанга экспорттолот деген убада ишке ашпай калып, картошканын баасы түшүп кеткен.  100 тонна картошка эгип алган да дыйкандар болгон. Ошондо алар картошкадан пайда көрмөк турсун чыгымын жаба албай калганын элестетип жатсаңыз  керек. Азыр болсо башка жагдай, башка министр…

Учурда дүйнө жүзү менен бирге Кыргызстан дагы жаман оору менен алышып,  оор сыноону баштан өткөрүп, элге карантин жарыяланып эшикке чыкпагандыктан,  “азык-түлүк калбай калбайбы, ачка калбайбызбы” деген кооптонуу ар кимде болуп жатат.  Маалыматтык айдыңда  да ого бетер элди дүрбөткөн “ачарчылык болот экен”, “сырттан бир тоголок азык-түлүк кирбей калды”, “баары кымбаттайт экен”-деген сыяктуу такталбаган кеп-сөздөр менен элди дүрбөлөңгө салуунун аракети болуп жатат.  Муну уккан көпчүлүк дыйкандар анда  картошка кымбаттаганда сатабыз деп кампаларына  катып атышат. Эгерде алар азыр элге сатпаса, жогоруда эске салган 2019-жылдагы картошканын  абалы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биздин дыйкандар картошкасын  катып жатып,  чиритип албаш үчүн аларга жер-жеринде жергиликтүү бийлик органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Базарлардан картошканын баасын мониторинг кылып көрсөк, 1 кг 45-50 сомго  чейин көтөрүлгөн. Бул жерде дыйкандардан тышкары ортомчулар менен көбүрөөк  иш жүргүзүү талапка ылайык экени да көрүнүп турат.

Андан тышкары эл да запастар бар экенин, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин түшүнүшү зарыл. Азык-түлүк коопсуздугу республикада камсыздалат.  Ири жүктөр кирүү үчүн чек-ара  ачык эле турат. Казакстандан ун буга чейин келип аткандай эле азыркыга чейин кирип атат. Кошуналар мурунку запастагы ундарды таратып, эми жаңы түшүмгө кампаларын дайындап жатышканы бизге белгилүү. Картошка да  Россиядан күнүгө 30-40 тонна кенен  келип атат.  Андан тышкаркы азык-түлүктөрдү  айтсак, өсүмдүк майынын бир жылга, гречканын жарым жылга жете турган запасы бар.

Андыктан, ушундай учурда элди ойлобой, өз камын ойлогондор ойлонушу керек! 

Анан дагы, дыйканчылык менен алектенет десе эле, көбү картошка, сабиз эгүүнү элестетет.

Быйыл, Айыл-чарба министрлиги өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жана райондук администрациялар менен биргеликте 2020-жыл үчүн сунушталган өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарынын структурасын тактаган.

Анда  министрлик аймактар боюнча негиздемени эске алып, картошка менен кант кызылчасын азайтып, дыйкандарга буудай, жүгөрү, пахта, тамеки, төө буурчак, жашылча-жемиштерди жана көп жылдык чөптөрдүн аянтын көбөйтүүнү сунуштаган. Ошондой эле, министрлик  кирешелүү жасмык (чечевица), соя сыяктуу өсүмдүктөрдү көбүрөөк эгүү жана кийин дыйкандардан сатып алуу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүп жатканы белгилүү.

Ошондуктан, министрлик айткан сунуш-кеңештерди эске алып, дыйкандар жалгыз эле картошканын көзүн карабай, ар түрдүү азыктарды өстүрүп  пайда тапса болот. Менимче, ар түрдүүлүк орун алган жерде суроо-талап дагы бирдей болот. Жалаң картошка айдап алып, баа качан көтөрүлгөндө сатыкка алып чыгалы деп бири-бирин аңдып жатышпай же таптакыр өткөрө албай кыйналгандан көрө, бышкан кезде орто баа менен сатып өзүнүн да элдин да көңүлү ток болгонго эмне жетсин.

Эдина Жумагулова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button