Коом

Казакстанда 28 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов ММКга маалымат берди.

Министр медиктердин коронавирус жуктуруп алган фактылары жашыруун эмес экендигин белгиледи.

«Бул вирусту медицина кызматкерлеринин илештирип алганы боюнча суроолор көп. Ооба, биз бул фактыны жашырбайбыз. Карантин жайларында иштеп жүрүп коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны азыр 28ге жетти», — деди Биртанов.

Ал бардык жагдайлар боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

«Себептери такталат. Жугуштуу илдеттер ооруканаларында жана карантин жайларында иштегендер бул вирусту жугузуп алуу тобокелчилигинде экенин буга чейин да айтканбыз. Медиктердин коопсуздугуна байланыштуу бардык талаптар аткарылышы керек», — деди министр.

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 453 учур катталса, анын ичинен 29у айыгып, үчөө көз жумду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button