Окуялар
Каникул учурунда эки өспүрүм өз өмүрүнө кол салды

29-мартта Чүй облусуна караштуу Ысы-Ата районунда 2 мектеп окуучусу өз үйүндө асынып алышкан. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы билдиришти.
“Окуучулардын бири Рот-Фронт, экинчиси Телман айылынын тургундары. Экөө тең өз үйүндө асынып алышкан. Андан сырткары февралдын аягында Кант шаарында өз үйүндө мончого түшүп жаткан, окуучу кулап каза тапкан”,- делет маалыматта.
“2 учур тең каникул убагында болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Экөө тең жетиштүү үй-бүлөнүн балдары. Өздөрүн алып жүрүүсү дагы жакшы болчу. 29-мартта бири күндүзү, ал эми экинчиси түндөсү асынып алган”,- дейт акимиатта.
Учурда өспүрүмдөрдүн эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгы иликтенүүдө.
Abal.kg



