Коронавирус. Жер шарынын сейсмикалык дирилдөөсү (вибрация) азайды
Жер планетасы кадимкидей тынч алып калды.
Коронавирус бүтүндөй жер шарынын сейсмикалык доошун азайтканы баамга түшүп жатат, дейт сейсмологдор. Анткени, пандемияга байланыштуу күн сайынкы адам ишмердүүлүгүнүн азайышы менен унаалардын, ишканалардын токтогону абанын тазарышына, сапатынын жакшырышына гана таасирин тийгизбестен, жердин сейсмикалык доошунун басаңдашына да алып келген. Бул туурасында CNN билдирди.
Бул кубулушту биринчилерден болуп Бельгиянын Королдук обсерваториясынын геологу жана сейсмологу Томас Лекок баамдаган.
Анын сөзү боюнча Бельгиянын борборундагы сейсмикалык доош 30-50%ке төмөндөгөн. Эми, тегеректеги чуру-чуу, баш-аламандыктан анча чоң эмес жер титирөөлөрдү сезе албай калып жүрүшкөн эски сейсмикалык станциялар, кайрадан аларды кадимкидей “угуп” каттай башташты.

Our staff is teleworking. The earth continues shaking. Ground movements at frequencies 1-20 Hz, mainly due to human activity (cars, trains, industries,…) are much lower since the implementation of the containment measures by the government.
Улуу Британиялык изилдөөчү Пола Коулмейер мектептерди жана коомдук жайларды жапкандан кийин Лондондо сейсмикалык дооштун төмөндөөсүнүн графигин түзүп чыккан.

How the seismic noise on our little seismometer running in West London (Twickenham) has been affected by the lockdown. This is a month of data for station R091F. The average noise levels are down reflecting fewer trains, buses and cars.
Ушундай маалыматтарды Лос-Анджелестин сейсмологдору да жарыялашты.
Окумуштууулардын айтканына караганда, мындай өзгөрүүлөр сейсмологдор үчүн гана пайдалуу эмес, бүтүндөй саламаттык сактоо системасына да ошондой эле пайдасы тийгизет — пандемиянын учурунда чектөө чаралары канчалык деңгээлде жетишпей жатканын ушундай жол менен билсе болот.
Abal.kg



