Баласы апасын вампир экен деп өлтүрүп салган

Голливуддун фильмдери биякта калсын! Жашоо-турмушта ойго келбес, эс-акылга сыйбас окуялар болот экен да. Көрсө, фильмдер мына ушундай окуялардан алынат турбайбы. Бул маалымат Газета.руга жарыяланган.
Россиянын Алтай крайынын Совет районунун 47 жаштагы тургуну 75 жаштагы апасын өлтүргөнү үчүн 9 жылга күчөтүлгөн тартиптеги коллонияга түрмөгө кесилди деп маалымдады Politfox.ru 21-мартта, СКнын (Следственный комитет России) Газета.руга жарыяланган материалдардын негизинде.
Тергөөнүн версиясы боюнча 2019-жылы 27-июлда бул эркек апасынын юбилейин майрамдаганы келген. «Алтайская правда» порталына өлгөн пенсионер аялдын кызынын айтып бергенине караганда, апасын куттуктаганы келгенде кемпир менен баласы кызуу абалда болушкан. Ал эми соттолгон киши ошол күнү бир нече жолу ичимдик алып келүү үчүн дүкөнгө баргам дейт.
Мурдараак СК маалымдагандай, апасы менен уулунун ортосунда конфликт чыгып, баласы энесине 14 жолу бычак сайганын, алынган оор жаракаттан аял ошол жерде эле жан бергени айтылган.
Бирок, сотто кылмышкер өзү айткандай ал күнү апасы экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Кылмышкердин айтканынын чын экенин тергөө учурунда маркумдун кызы да бышыктаган. «Алтайская правда» порталына берген интервьюсунда, маркумдун кызы бир тууганын ак ниет, иштерман киши деп мүнөздөп, ал эч качан апасы менен урушкан эмес, жада калса энеси аны катуу тилдеген учурларда дагы тил кайырчу эмес дейт.

Соттолгон кишинин айтымына караганда майрам аяктап, коноктор кеткенден кийин апасы экөө тең уйкуга баш коюшкан. Апасы диванга жаткан, уулу жерге эле төшөк салып уйкуга кеткен. Түшүндө ага вампирлер кол салышып, ага аларды өлтүрүш керек деген “установка” (көрсөтмө) болгон. Же арак ичип кызып алган неме түш менен чындыкты чаташтырып алганбы, же башка себептенби, айтор уулу ашканда колдонуучу бычакты ала коюп, диванда уктап жаткан апасына кол салган, вампир ушул экен деп.
Эненсинин башын кесмекчи болгондо гана эсине келип, апасын өлтүрүп алганын түшүнүп, өзү полицияга телефон чалып чакырган. Полиция келгенде вампир экен деп апасын өзү өлтүрүп алганын айткан.
Ичкилик ичип алгандан кийин бир тууганында далай жолу галлюцинацияларболгонун«Алтайской правде» порталына маркумдун кызы айтып берген.
Abal.kg