Окуялар

Таксист жалгыз бой эненин азык-түлүгүн айтылган дарекке жеткирбей, качып кеткен

Кечээ, 3-апрелде жалгыз бой эне таксистке алданганын социалдык тармак аркылуу жарыялаган. Анын айтымында 31-мартта келиндин ажырашып кеткен күйөөсү курьер аркылуу наристеге азык-түлүк берип жиберген. Бирок жиберилген азык-түлүк көрсөтүлгөн дарекке жеткен эмес.

Келин карантинге байланыштуу эч жерде иштебей тургандыгын айткан. Ал интернет ​​аркылуу таксистке кайрылып, азык-түлүктү, баласынын жалаягын, алып келип берүүсүн суранган. Келин өзүнүн билдирүүсүндө ошол эле күнү окуяга байланыштуу милицияга да кайрылган.

Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-мартта жабырлануучу арыз жазган. Алардын айтымында, жабырлануучунун күйөөсү ошол күнү кечки саат бештер чамасында Чапаев көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан баласына азык-түлүктү Хундай Соната үлгүсүндөгү унаанын ээсинен берип жиберген. Ал 2 миң 510 сомго алынган азык-түлүктү көрсөтүлгөн дарекке жеткирип берүүнү суранып, таксинин акчасын дагы төлөгөн. Таксист буйрутманы алгандан кийин, байланышка чыкпай, жок болуп кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “алдамчылык” беренеси менен катталган.

3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери 1990-жылы туулган С.Р аттуу адамды кармашкан.

Кылмышка шектүү сурак учурунда келиндин телефон номерин туура эмес жазганын, көрсөтүлгөн даректи таба албай үч күндөн бери издеп жүргөнүн айткан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button