Коом
Кыргызстанда коронавирустан баш-аягы тогуз адам айыкты

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан үч бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Алар 24, 25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган анализ коронавирустун жок экенин көрсөткөн.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө ушуну менен тогуз адам коронавирустан сакайып кетти.
Abal.kg