Дүйнө

Коронавирус.Ким көп көз жумат: эркектерби, аялдарбы? Илимпоздордун тыянагы

Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө боюнча Борборунун окумуштуулары коронавиурс инфекциясынан ким көп көз жумаарын аныкташ үчүн, атайын иликтөө жүргүзүшкөн. Изилдөө кандай жыйынтыктарды бергенин ВВС маалымдаган, деп Украинанын 5 ua маалымат порталы билдирди.    

Изилдөөлөр коронавирус жуктурган эркектердин 2,8%, бул илдетке чалдыккан аялдардын 1,7%и көз жумаарын аныкташты.  

Кытайлык окумуштуулар аялдар менен балдар эркектерге караганда бул илдеттен азыраак зыян болушу ыактымал деген тыянакка келишти.

Иликтөөгө 44 000 киши катышкан. Бул инфекциялык илдеттен жабыркаган өспүрүмдөр жана балдардын 0,2%и көз жумган. Ал эми 80 жаштан жогорку карылардын ичинде бул көрсөткүч дээрлик 15%ке барабар.

Окумуштуулар мунун эки  интерпретациясы бар деп айтып жатышат: же аялдар менен балдар аз  сыркоолошот, же болбосо алардын организми виурска жакшы туруштук бере алат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button