Коронавирус абада 3 саат, бычакта 48 саат, айнек, жыгачта 4 күн, целлофанда 5 күн жашайт. Билип алыңыз

Адамдар күн сайын, ал түгүл саат сайын кармаган, же колун тийгизген ар кандай нерселерде , ошондой эле алардын үстүлөрүндө вирус канча мөөнөткө чейин жашай турганын аныкташ үчүн Улуу Британиянын саламаттык сактоо Улуттук институтунун, CDC, UCLA жана Принстон университетинин окумуштуулары иликтөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн натыйжасында ар кандай нерселердин үстүндө вирус CОVID-19 ар түрдүү убакытка чейин жашаарын аныкташкан, деп билдирет 360tv.ru маалымат порталы.
Кармагычтар, эшиктин туткалары жана кийим
Эксперименттин тыянагы көрсөткөндөй абада вирус баарынан аз жашайт – 3 саат. Маселен, коомдук унаанын ичинде мурун, ооз аркылуу гана жукпастан, көздүн былжырлуу кабыгы аркылуу да жугат. Ошондуктан кол менен көздү ушалоого болбойт.

Темирлердин үстүндө COVID-19 48 саат жашайт. Бирок, алюминийде 8 саатка чейин сакталат. Алюминий адамдын күндөлүк жашоосунда өтө көп кездешет: ноутбуктун, телевизордун жана смартфондордун үстү, ошондой эле турмуш-тиричилик техникасы – чайнектер, плитанын үстү, көмөч казандар (сковорада) жана мискейлер. Коомдук унаанын кармагычтары, эшиктин туткалары, жада калса дүкөндөгү кассанын сырты ушул металлдан жасалган. Андыктан бул материалдан жасалган нерселерди тез-тезден дезинфекциялап турууга өтө олутту мамиле жасоо керек.
Болоттон жасалган буюмдарда вирус 48 саатка чейин сакталат. Алар: баардык бычактар, кайчылар, курулуш аспаптары. также сохраняют на себе вирус до часов, а это почти все ножи и ножницы, строительные инструменты. Көптөгөн шөкөттөөчү буюмдар (украшения) дат баспай турган болоттон жасалат. Муну да билип алыш керек. Бул материал автомобиль жасоодо да көп колдонулат.
Айнек орто эсеп мененвирусту 4 күнгө чейин сактайт. Алар: терезелер, идиштер, вазалар, күзгүлөр, бөтөкөлөр, жада калса медициналык суюктуктар куюлуучу кичинекей айнек идиштер.

Жыгач буюм-тайымдарда да вирус 4 күн турат. Андыктан жыгач буюм-тайымдарды: стол, стул, комод, шкаф, шифоньер, керебеттердин каркастарын, терезелердин кашектерин, эшиктерди, ар кандай жыгач текчелерди аябагандай дыкат дезинфекциялап тазалап туруу керек. Балдардын көпчүлүк оюнчуктары да жыгачтан жасалат.
Адамдын жашоосунда баарынан көп кездеше турган , баштыктан тартып, фотоалкактарга, эшик-терзелерге, оюнчуктарга чейин колдонулган материал — пластик. Андан целлофан, жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын жана башка азык-түлүктөрдү, медикаменттерди, турмуш-тиричилик химиясын сала турган, куя турган идиштер, орогучтар жасалат. рогучтары азыкетарынын оргучтарын,
Пластик мебель, электроника, идиш-аяк, тиш щеткалары жасоодо көп колдонулат. Жада калса андан кийим да жсалат. Коомдук унаанын көптөгөн деталдары, маселен орундуктардын каркастары даярдалат. Дагы бир нерсени эстен чыгарбоо зарыл: адамдын капчыгындагы карточкалардын баары ушул материалдан чыгарылган. Андыктан пласттик буюмдарды өтө олутту жана дыкат дезинфекциялап туруш керек.
Кагаз адамдын жашоо-тиричилигин дайыма коштоп жүрөт.Кагаздын үстүндө вирус 5 суткага чейин кармалат. А кагаз дегенден кийин, ал: китептер, документтер, кагаз баштыктар, салфеткалар, дарылардын сырты.
Хирургиялык мээлейлер вирусту 8 саатка чейин гана жашатат. Бирок ал мээлейлерди бир ирээт гана пайдалануу керек.
Дезинфекциялоочу каржаттар: самын, этил спирти, хлор.

Эскерте кетсек, инфекция уялаган жер – кадимки эле жеке менчик автомобиль болушу толук ыктымал деп, белгилешет адистер. Анткени, автомобилде жогоруда аталган темир, пластик, жыгач, айнек – баары өтө тыгыз орун алган. Андыктан машинанын сыртынан тартып ичине чейин хлордоп, самынды көбүртүп жууп туруу зарыл.
Abal.kg