Дүйнө

Коронавирус. Европа эмне үчүн АКШга нааразы (видео)

“Пандемиянын учурунда эң керектелүүчү товар беткап болуп калды” дейт, Евроньюс, 4-апрелдеги билдирүүлөрүндө. Бул товар менен дүйнө жүзүн негизинен Кытай жабдый баштады. АКШ, Европа, жада калса Россия Кытайга миллиондогон беткаптарга заказ берип жатышат.

Мына ошондой заказдардын бирин Кытайга Франция берген. Бирок берилген заказ дарегине жеткен эмес.“Кырдаал ушундай: түз эле учуучу тилкенин өзүнөн Кытайга берген заказыбызды чет өлкөлүк мамлекет (АКШ) үч эсе кымбат төлөп сатып алып койду”, деп, Франциянын аймактар ассоциациясынын төрагасы Рене Музелье нааразы болду. Анын сөзүн, беткаптар келбей жатат деп, Иль-де-Франс аймагынын башчысы Валери Пекрес бышыктады.

АКШда акыркы сутканын ичинде коронавирустан 1400 киши каза болду. Бул буга чейинки бир суткада каза болгондордун эң көбү болуп саналат.

https://youtu.be/tKzWlHC0ib8

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button