Дүйнө

Адамдын үрөйүн учурган тарыхы бар сүрөт (фото)

Нагасакилик тестиер бала.

Бул фотография АКШнын 33-президенти Трумэндин көрсөтмөсү менен 1945-жылы 9 — августта америкалык армиянын бомбалоочу самолету Япониянын Нагасаки шаарына экиничи атом бомбасын таштап (биринчисин 6-августта ошол эле Япониянын Хиросима шаарына ташташкан), калаанын жашынан карысына чейин он миңдеген бейкүнөө кишилери көз ачып жумгуча күлгө айланып күйүп кеткен трагедиядан кийин тартылган.

Нагасакилик бала — адам мыкаачылыгынын трагедиясынын символу.

 Америкалык деңиз жөө аскери (морской пехотинец) жана военкабарчы   Джо О’Доннелл бомбалоодон кийин тартып алган бул фото, ушул кезге чейин  адамдын үрөйүн учурат.

Фотодо жылаң аяк тестиер бала өлгөн кичинекей инисин жонуна көтөрүп алып, бомбалоодон курман болгондорду массалык  кремация жасоочу (өрттөөчү) чуңкурга келип, кезек күтүп турган учуру тартылган. Фотографтын эскергенине караганда, агасы кичинекей инисин  кантип өрттөп атканын башынан аягына чейин карап турган: көзүнөн бир тамчы да жаш чыккан эмес, тек гана ээрдин кан чыккыча кырча тиштеген…

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button