Коронавирус. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон ооруканага жаткырылды

Коронавирус жуктуруп үйүндө өзүн-өзү изолияциялоодо жаткан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өкмөт башчысынын канцеляриясынан билдиришти, деп маалымдады 6-апрелде ТАСС.
«Врачынын кеңеши боюнча премьер-министр бүгүн кечинде (5-апрелде) анализдерди тапшыруу үчүн ооруканага жаткырылды. Бул алдын ала сактануу үчүн жасалды», деп айтылган билдирүүдө. Тест оң натыйжа бергенден кийинки он күндүн ичинде премьерде коронавирустун симптомдору сакталууда.
Англиянын улуттук саламаттык сактоо системасына жакын маалымматоочудан алган кабарга таянып, РИА Новости Борис Джонсондун өпкөсүнө жасалма желдетүү ишке ашырылаарын кабарлады.
27- мартта Борис Джонсон коронавирус жуктурду деп маалымдалган.
23-мартта Джонсон өлкөдө жалпы карантин жарыялаган. Британиялыктарга көчөгө чыгууга уруксаат эң зарыл учурларда гана берилет. Өлкөдө экиден ашык киши топтолууга тыюу салынган.
Дүйнөдө 1,2 миллион киши коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67,9 миңи көз жумду, 256 миң киши айыкты.
Abal.kg