Коронавирус. Тажикстанга да жеттиби? Бир адам каза болду
Тажикстандагы коронавирус тууралуу Радио Озоди маалымат агенттиги жазып чыкты.
Джаббор Расулов районунда 60 жаштагы бейтап каза болду.Каза болгон адамдын туугандары ал Кыргызстанрдагы үйлөнүү тойго барганын айтышкан.
Тажикстандын Согди облусуна караштуу Жабборрасулов райондук ооруканасында жаткан 60 жаштагы киши коронавирустан каза болгон эмес деп билдирди саламаттык сактоо министрлиги.
Белгилей кетсек, тажик ЖМКларынын бири аталган оорукана коронавирустан каза тапкан 60 жаштагы кишинин өлүмүнөн кийин карантинге жабылганын жазган.
Маалыматта вирусту жуктурууга шектелип жаткан медицина кызматкерлери дагы бар экени айтылган. Ошондой эле “маркумдун туугандары ал жакын арада Кыргызстанда үйлөнүү тойго катышып келгенин айтты” деп белгиленген.
Министрлик расмий билдирүүсүндө ал жаран пневмониядан улам көз жумганын, ал эми коронавирус жуктурганы тастыкталбаганын айтат.
“Каза болгон кишинин үй-бүлө мүчөлөрүнөн дагы анализ алдык, баарында тең коронавирус аныкталган жок. Жада калса аны дарылаган медиктердин анализи дагы таза чыкты. Ошону менен катар эле оорукана карантинге алынганы чын, бирок анын себеби башкада. Бул жакка чет өлкөдөн келген Тажикстандын жарандары карантинге жаткырылганына байланыштуу жабылды. Чаралар көрүлүп жатат, бирок бизде чынында эле коркунуч туудурчу жагдай жок”, — деп айткан министрликтин маалымат кызматы.
Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Казакстандан келгендердин баарын карантинге алып жатканы белгиленет.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө тажик бийлигинин расмий маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус жуктурган бир дагы учур катталган эмес.
Abal.kg



