Коом
Кыргызстанда коронавирустан 42 адам айыкты

6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 айыкты. Андан сырткары, 23 адам бул илдеттен айыккандыгына байланыштуу Жалал-Абаддагы ооруканадан чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Буга чейин коронавирустан 9 адам айыкканы айтылган. Ушуну менен COVID-19 инфекциясынан айыккандардын саны 42ге жетти. Бүгүн жуктуруп алган 69 учур катталып, эки киши көз жумду.
Abal.kg



