Дүйнө

Алы келбей калды. Японияга да өзгөчө кырдаал кире турган болду

Япониянын премьер-министри  Синдзо Абэ,  өлкөнү башкарып аткан Либералдык-демократиялык партиянын жетекчилигинин жыйынында,  коронавирустун пандемиясына байланыштуу, өзгөчө кырдаал киргизүүгө даярдана баштаганын айтты. Бул тууурасында 6-апрелде Киодо агентствосу билдирди, деп РИА Новости маалымдады.

Япониянын жети префектурасына (Осака, Сайтама, Канагава, Тиба, Хёго жана Фукуока) ошондой эле борбордук регионго  Өзгөчө кырдаал киргизилет. ӨК режим 6-майга чейин созулушу ыктымал. .

Март айында Япониянын өкмөтү коронавирустун өлкөдө жайылышынан улам, өзгөчө кырдал киргизүүгө мүмкүнчүлүк бере турган убактылуу мыйзамды жактырган болчу.

Эми Абэ Синдзо зарылчылыкка жараша, коронавирустун жайылып аткандыгына байланыштуу  өлкөнүн айрым аймактарында Өзгөчө кырдаал жарыялай алат.

Япония убактысы боюнча сат 15.00дө (09.00 мск) бир сутканын ичинде 308 адамдын вирус жуктурганы бышыкталган.  Жуктургандардын жалпы саны 4586 киши (ага 712 адамды  — Diamond Princess лайнеринин экипажын жана мурдагы жүргүчүлөрү менен кошкондо), 408 адам көз жумган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button