Ташбоо Жумагулов каза тапты

Москвадан өтө кейиштүү кабар келди. Бир нече убактан бери сыркоолоп, жаман оору менен күрөшүп жаткан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов каза тапты.
Ташбоо Жумагулов кыргыз элине ак пейили менен кызмат өтөгөн, калкынан жанын аябаган иштерман, Манас бабасы жердеген Ала-Тоосунун чыныгы патриот уулу эле.
Анын мекенсүйөөрлүгү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы болуп турганда айрыкча көрүнгөн. Т. Жумагуловдун демилгеси менен кыргыз тилин өстүрүп-өркүндөтүү боюнча бир нече улуттук долбоорлор ишке кирген.
Ошондой эле жигердүү эмгегин Кыргыз Республикасынын Түркия мамлекетиндеги элчиси болуп турган кыска мөөнөттө да көргөзө алган.

Кыргыздын кыйын уулдарынын бири Ташбоо Жумагулов 70 жашка келсе да, элине берээри көп эле…
Ташбоо Жумагуловдун жубайы, таланттуу акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбековага; маркумдун ага-тууган, жек-жаатына чын пейлибизден терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Abal.kg