Дүйнө
Россиянын башкы коммунисти өлкө улуттук катастрофага учурайт деди

КПРФ лидери Геннадий Зюганов соцсеттерде: «Эгер азыркы абалды өзгөртпөсөк, мындан да олуттуу сырткы жана ички коркунучтардын шартында, биздин өлкөнү улуттук катастрофа күтүп турат!», — деп эсептейт. Бул тууралуу эки күн мурда Свободная пресса маалымдады.
Дүйнөдө 50% кедей-кембагал эл 1% байлардын тапканынан эки эсе аз киреше алышат. Мындай айырма токтобой көбөйүп баратат. Айрыкча Россияда социалдык бөлүнүүчүлүк өзгөчө драмалуу болуп саналат, деп эсептейт башкы коммунист.
Abal.kg