Коом

Коронавирус. Кайсы аймакта көп катталган жана канча дарыгер жуктурду(тизме)

Кыргызстанда 7-апрелге карата акыркы бир суткада коронавируска чалдыккан 12 адамдын жетөө медицина кызматкери. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, жетөөнүн төртөө (бир дарыгер, үч медайым) Ноокат райондук ооруканасында. Үчөө Оштогу жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында (бир дарыгер, эки медайым).

Буга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны тогуз экени айтылган.

Вирус жуктургандардын эң көбү Ош облусунда. Бул аймакта жалпы 86 адамдан коронавирус аныкталган. Жалал-Абад облусунда 80 болсо, Бишкекте бул сан 25ке жетти. Ош шаарында 20, Нарын облусу боюнча беш, Чүйдө беш, Баткенде төрт, Ысык-Көл облусунда үч адам дарыланууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button