Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев банк насыясы жана чет жактан келген каражаттар тууралуу маалымат берди

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелдеги брифингде өлкөгө чет жактан келген каражаттар кайда жумшалаарын жана банктардагы ишмердүүлүк боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
«Банктар ишмердүүлүгүн үстөк акчалардын жана депозиттердин эсебинен жүргүзөт. Мамлекетте насыялардын үстөк кенемтесин толтуруп берүүгө каражат жок. Ошондуктан, насыялардын үстөгүн алып салууну да талап кыла албайбыз»,-деди Асрандиев.
Насыяларды төлөө мөөнөтүн үч айга узартуу боюнча Улуттук банктын сунуштамасын аткарбаган коммерциялык банктар тууралуу өкмөткө жана башкы банкка кайрылууну сунуштады.
Вице-премьердин айтымында, азыркы эсеп боюнча коронавирустун кесепетинен бюджет 28 миллиард сомдук жоготууга учурайт.
Ал эми чет элдик донорлордон алынып жаткан каражат өлкө бюджетин жана ишкерликти колдоого жумшалат.
Өткөн жумада Дүйнөлүк валюта фондунан 120,9 миллион доллар келип түштү. Азия өнүктүрүү банкы менен 100 миллион, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 150 миллион долларга чейин акча алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Дүйнөлүк банктан мурдагы макулашылган 9 миллион долларды иштетүү максаты өзгөртүлүп, медициналык дары-дармек алууга макулдашылды. Андан тышкары, аталган банк дагы 12 миллион доллар бермей болду.
Учурда Ислам өнүктүрүү банкы менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат.
«Бул каражаттарды биздин эсептер боюнча кырдаалга байланыштуу бюджет 28 миллиард сом жоготууга учурайт. Мунун одун толукташ керек. Айлык, пенсия, жөлөк пулдар ушундан көз каранды. Андан тышкары, зыян тартып жаткан ишкерлерге жылдын аягына чейин жеңилдетилген насыя түрүндө жана башка жолдор менен колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ушул сыяктуу иштерге бизге акча керек», — деди Асрандиев.
Abal.kg



