Апрель революциясынын баатырлары эскерилди (фото)

Бүгүн, 7-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди.
Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Куран окутулду.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видео материалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциясынын баатырларынын портреттери сакталып турган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты. Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды.
Саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.




Abal.kg



