Коом

Тынчтыкбек Чоротегин: Мадумаров элге өтө жоопкерчиликсиз билдирүү жасаптыр (видео)

Кечээ Адахам Мадумаров кыргыз элине таажы илдети боюнча видео кайрылуу жасап, илдетке ишенгендерди сабатсыз, караңгы жана түркөйлөр деп атаган. Аны менен катар, элди мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, кырдаал үчүн бийлик күнөөлүү экенин белгилеген.

Мадумаровдун элге жасаган видео кайрылуусу боюнча Abal.kg  маалымат порталы тарыхчы, Тынчтыкбек Чоротегинге кайрылып, пикирин билип, жооп алдык:

Тынчтыкбек Чоротегин:

“Адахам Мадумаров инимдин азыркы дүрбөлөңдүү кырдаалга карата кайрылуусун угуп, айрым сөздөрүн өзгөчө кейиштүүлүк менен кабыл алууга туура келди.

Бул тасмадагы кайрылуусунда А.Мадумаров таажы вирусунун алааматы үчүн кыргыз бийлигин күнөөлөптүр (2 мүнөттөн кийинки бөлүгү). Кыргызстандын бийлиги карантин киргизүү аркылуу ошол алааматтын алдын алып жаткандыгы үчүн кантип күнөөлүү болсун? Киши киши менен сыртка чыгып амандашпай калганына кейийт. Бирок бул — аргасыз кадам да. Уюкфон, жөн телефон менен эле баарлашып турса жетишет.

Дагы бир жеринде ал Кыргызстан бийлигинин аракетин «тотукуш саясаты» (7:10) деп келекелептир. Таажы вирусунан өлгөндөрдү «мыйзам ченемдүү» деп аташтын өзү адамгерчиликке жатпайт. «Бул оору чоң мамлекеттерге чоң пайдасын тийгизди», деген далилсиз сөзү (3:18) да зыяндуу.

«Аскер жаатында адамдын колу менен пайда болгон вирус» деген Адахам айткан жоромолду (4:12) илимпоздор тобу мурдараак четке каккан. Бул да жалган жоромол. Таажы вирусу «Германияга пайдалуу» имиш, анткени бул вируска байланыштуу дүрбөлөң — Сириядан келчү качкындарды киргизбөө далаалаты (4:56) имиш.

Андай болсо канцлер Ангела Меркел атайылап эле өзүнө ушул ооруну жугузуп алдыбы? Андай болсо британдык өкмөт башчы менен канзаада да атайылап таажы вирусуна чалдыгыштыбы? Бул — мерездикке тете. Албетте, Адахамга жаккан да мамлекет башчысы бар. Ал — Беларустун авторитардык бийлик ээси — «батька» Александр Лукашенко (6:25).

Бул диктатор от менен ойноп, азыркыга чейин футбол матчтарына бөгөт койбой келет. Мында 13 киши өлдү, 700дөй киши таажы вирусуна кабылды (бул — расмий маалымат).

Түркмөнстан менен Тажикстандын диктаторлору болсо өлкөдөгү чыныгы кырдаалды жаап-жашырып жатышат деген шек бар. Адахамдын «таажы вирус деген — шылтоо» деген (9:10) билдирүүсү өзгөчө таң калычтуу. Таажы вирусунан келип чыккан жугуштуу илдеттин алдын алуу боюнча Кыргыз бийлиги аргасыз жүзөгө ашырып жаткан аракеттерди «түркөйлүк» деп аташтын өзү (10:20), тескерисинче, сабатсыздыкка жатат.

Нагыз түркөйлөр — Пакистандагы таблигчилер болду. Алар жамы мечитке барбай тургула деген расмий Исламабаддын сөзүн (Адахамча) көздөрүнө илбей коюп, эми аларды пакистандык бийлик аргасыздан күч менен карантинге алууда. Чет өлкөлүк кайрымдуулук жардамы «коррупциялашкан өлкө бийлиги менен акча бөлүшүү жеңил» деген принцип менен гана берилээри (11:20) тууралуу Адахамдын «ачылышы» да аң-таң калтырат.

Бул билдирүүсү 20 секунд мурдараак айткан сөзүнө каршы келет. Анда Адахам «СПИДге каршы күрөш үчүн бөлүнгөн акча жемкорлор тарабынан желип кеткендиктен, Кыргызстанга акча берилбей калды» дегендей айткан (11:00). Адахамдын бир сөзүн, албетте, кош колдойм: «тазалык жагына бекем көңүл буралык» (11:38). Дал ушуну аткарууну биздин дарыгерлер, илимпоздор, бийликтер калайыктан суранып жатышпайбы!..

«Бул бийлигиңдин колунан эч нерсе келбейт» (12:00) деген жыйынтыктоочу сөздөн улам эми болочоктогу шайлоодо президент катары Адахамды эле тандап алууга камдана бергиле деген кыйытманы аңдадым. Жалпы билдирүүсүнүн түпкү маңызын кайран Адахам иним акыркы секунддарга сактаган экен!.. Ап-бали!..”- деди тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин.

Мадумаровдун элге видео-кайрылуусу

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button