Окуялар

Коменданттык саат учурунда мас судья милицияга кол көтөрдү

Ош облустук сотунун судьясы коменданттык сааттын эрежелерин бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөнү үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Замир Сыдыков учурда маалымат такталып жатканын айтты.

Окуя бүгүн, 7-апрелге караган түнү болгон. Судья мас абалда болчу.

Алдын ала маалыматтарга караганда, судьяга Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү же коркутуу) менен кылмыш иши козголуп, окуя сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Turmush басылмасы бүгүн, 7-апрелге караган түнү Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда коменданттык саттын эрежелерин бузган 10 адам кармалганын жазган. Алардын ичинен экөө мас абалдагы айдоочу болчу. Кармалгандарга 3 миң сомдон айып пул салынса, 2 айдоочуга мас абалда унаа башкарганы үчүн кошумча 17 миң сомдон айып пул салынган.

Булак: Turmush

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button