Нарын районундагы саламаттык сактоо мекемелерине колдоо көрсөтүлдү(фото)

Бүгүн, Нарын районундагы медициналык мекемелерге, санитардык-карантиндик постторго жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов тарабынан 700 миң сомдук гуманитардык колдоо көрсөтүлдү. Бул туурасында КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, райондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 кир жууган машина, айылдардагы ФАПтарга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна 200 килограмм хлор, 330 литр антисептик, 12 миң беткап, 9 миң 300 даана медициналык колкап, 350 даана атайын коргонуучу кийим-кече жана 19 даана көз айнек берилди.

Мындан сырткары райондун аймагындагы санитардык-карантиндик посттор жана «Өмүр шамы» коомдук бирикмесинин каттоосунда турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыз кылынды.

Abal.kg



